БШК Бишкек мэри Азиз Суракматовдун тил билүү деңгээлине нааразы болгон журналисттин арызын карап жатат

БШК жарандык активист, журналист Канышай Мамыркулованын Бишкек мэри Азиз Суракматовдун тил билүү деңгээлине нааразы болгон арызын карайт. Бул тууралуу ал бүгүн, 27-августта журналисттерге билдирди.

Мамыркулованын белгилешинче, тил маселесинин көтөрүлүшү, кыргыз тилинин кадыр-баркын көтөрүү жана мыйзамдуулукту сактоо болуп саналат.

"Менин бул маселени көтөргөнүмдүн себеби - кыргыз тилинин кадыр-баркын көтөрүү. Аталган маселе боюнча буга чейин Биринчи Май райондук сотуна жана андан кийин райондор аралык сотко кайрылгам. Райондор аралык сот Борбордук шайлоо комиссиясы карап бериш керек дегени үчүн аталган мекемеге кайрылдым. Кайрылганымдын себеби, былтыр чыккан өкмөттүн 430-токтомуна ылайык, президент, депутаттардан баштап муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлердин бардыгы "Кыргызтест" аркылуу мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныкташ керек. Баарыбызга белгилүү болгондой, учурдагы президент да "Кыргызтесттин" сынагынан өткөн. Ал эми учурдагы Бишкек жана Ош шаарынын мэрлери кыргызтесттен өтпөй туруп иштеп жатышат. Азыр БШКнын жалпы жыйынында ачык каралат", - деди Мамыркулова.

Бүгүн саат 15:00дө БШКнын жыйынында Канышай Мамыркулованын жазган арызынын негизинде маселе каралып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
RusMos76
2018-08-27 15:25:52
Туура!
+6
Bazake
2018-08-27 15:36:23
RusMos76,Бул эжеке Жамалбек деген мэрликке талапкердин заказы менен Суракматовду жамандаган турбайбы. Ал кызматы учун кызына телефон алыптыр. Фейсбукта өллө талкуу болуп жатат эй
-3
Erik2018
2018-08-27 18:39:57
Bazake,Азыр жамандагандар эле көбөйүп кетти. Деги бир акыйкат жүргөндөр бар бекен. Бул аял Текебаевдин заказын аткарып жатат
-1
grace
2018-08-27 20:15:54
Bazake, Эль деген сөздү жазалбаган шар мэри ыраазы болсун сага. Базаке ыраазы болсун
+1
tnz
2018-08-27 19:05:56
Тообо журналист тил билбейт десе эле билбей калмак беле же ал журналист ушинтип жан бакса керек балким.
-2
grace
2018-08-27 20:12:31
Суракматов менен Сарпашев эмне президенттен артыкпы? Кыргызтесттен өтүшсүн эл катары! Эне тилин сүйбөгөн элин сүйүп жарытпайт! Журналистке чексиз ыраазыбыз! Кыргыздын баатыр кыздары ушундай болот!
0
tnz
2018-08-27 21:22:23
Эне тилин билбеген Атамбаевдин Новикову вице премьер болуп иштебедиби ага окшогондор толтура да Кыргызстанда эми эле Суракматовду коро калдынарбы.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан