Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлзада Рыскулова кечиккени аз келгенсип, жүргүнчүлөрдү ачка кармап отурган "TEZ Jet" авиакомпаниясына нааразы болууда. Ырчынын айтымында, аталган компаниянын бүгүн, 27-август күнү Бишкектен Ошко уча турган учагы өз убактысынан 2 саатка кечигип учту.
"Саат 8де Бишкектен Жалал-Абад шаарына "TEZ Jet" авиакомпаниясынын учагы менен учмакпыз. Бирок белгисиз себептен Оштогу аэропортко которуп коюшкан. Анысы аз келгенсип 2 саатка кечиктик. "Манас" аэропортунун имаратынын 3-кабатында компаниянын өкүлү отурат экен. Ал жарытып себебин түшүндүргөн жок. Жүргүнчүлөрдүн арасында балалуулар жана чет элдик туристтер да бар болчу. Жок дегенде балалууларга тамак-аш берип коюшкан жок. Чет өлкөдө учуу убактысынан 10-15 мүнөт өтүп кетсе, жүргүнчүлөрдөн алдын ала кечирим сурап, эскертип коюшат. "TEZ Jet" авиакомпаниясы бул жагынан кайдыгер мамиле жасады", - ырчы Рыскулова.
"TEZ Jet" авиакомпаниясы жогорудагы абал боюнча азырынча түшүндүрмө бере элек.