Жогорку Кеңештин депутаттары 4-сентябрда сессияга чогулат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, ал күнү эл өкүлдөрү сессиянын ачылуу иш-чарасына гана катышат.
"Азырынча ал күнү кандай маселелер каралары анык эмес. Бирок расмий ачылуу иш-чарасы болот. Алдыда каралчу маселелерди планга киргизип, кабыл алышат", - деди Нуракун уулу.
28-июнда эл өкүлдөрү акыркы жыйынга чогулушкан. Кийин 1 ай бою шайлоочулар менен жолугушуп, кийинки айда эс алууга чыгышкан.