Депутат Алтынбек Сулайманов: "Баарыбыз чогуу президенттин чакырыгына кол кабыш кылсак туура болот"

Президент Сооронбай Жээнбеков коррупционерлердин атын ачык атагыла деп айткан. SUPER.KG порталынын "Президенттин бул чакырыгына ишенесизби же бул чакырык кайра эле бюрократиянын тосмосуна кептелеби?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов жооп берди.

Ал президенттин чакырыгына ишене турганын билдирди.

Президенттин коррупционерлердин атын ачык атагыла деген чакырыгын жакшы иш десе болот. Ал коомчулуктан, депутаттардан, журналисттерден да өлкөдө кандай туура эмес жумуштар жүрүп жатканын баарыбыздан угуп, талдап, анан өзү чечим чыгарат. Андыктан баарыбыз чогуу президенттин чакырыгына кол кабыш кылсак туура болот", - деди Сулайманов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Кенжебек Бокоев, Исхак Масалиев, Мирлан Жээнчороев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев, коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев жана саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикири бул шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан