Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин "Кыргызстаным" аттуу ырына марш жаратылды

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин "Кыргызстаным" аттуу ырына марш жаратылды.

Бүгүн, 27-августта Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, маршты жараткандарга белектер тапшырылды.

Идеянын автору, КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев марш-ырынын жаратуучуларына ыраазычылыгын билдирип, бул музыка менен чыгармачыл топ өздөрүнүн мекенчилдик руху менен чыгармачылык күчүн көрсөтүшкөнүн айтты.

"Бул ийгилик күткөндөгүдөн да мыкты болду. Бул марш баарыбыз сүйүп калган "Кыргызстаным" композициясына жаңы өмүр берди. Ыр сиздердин талантыңыздардын жана жогорку чеберчилигиңиздердин артында андан бетер мекенчилдик рухту көтөргөн чыгармага айланды", - деди Дастан Бекешев.

Ошону менен бирге депутат ырдын жаңы аранжировкасы Алмазбек Атамбаевдин өзүнө жагып, мактоосуна татыганын кошумчалады.

Эл өкүлүнүн колунан сценарист Аманкелди Бекешев, режиссёр Керимбек Өмүркожоев, аранжировканын авторлору менен аткаруучулары Актан Исабаев, Элмира Чаландинова, Жусуп Айсаев, Тилек Найманбаев, актёрлор Нуркыз Тунгатарова, Артур Касымов, ошондой эле тасма тобунун мүчөлөрү белектерди алышты.

Буга чейин 200гө жакын көркөм жана даректүү тасмаларды тартууга катышкан режиссёр Керимбек Өмүркожоев клип былтыркы жылдын 3-декабрында тартылып бүткөнүн, расмий презентация 2018-жылдын 11-январында болгонун айтты. "Марш-ыры элге жакканы бизди аябай кубандырды. Менимче, мындай чыгармалар өсүп келе жаткан муундарды мекенчилдикке, маданияттуулукка тарбиялоодо мааниси чоң", - деди Өмүркожоев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
urmat-77
2018-08-28 07:48:05
Көзүм көрбөсө ХХХ бөрү жесин деген заман да.АШАнын аткошчуларына сөз жок.
0
Bazake
2018-08-28 10:26:47
Атамбаевди пиар кылганды, аны тымызын актаганды токтоткула! Ууруга уурудай мамиле кылалы. Арзыбаган акчага сатылып мамлекеттин байлыгын тоногондорду актабайлы. Биз качан гана элге чыккынчылык кылгандарга татыктуу жазасын бергенде өнүгөбүз! Мындай марштын азырынча кереги жок! Карызыбыз кокодон алып турганда маршты кое туралы. Ууруларды кустуралы!
+1
admin_media
2018-08-28 10:57:21
urmat-77,этика нормаларын сактоону сунуштайбыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан