Көчмөндөр оюндары менен түрк тилдүү мамлекеттердин саммитинде тартипти сактоого 6 миңден ашык милиция кызматкери тартылат

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин саммити учурунда коомдук коопсуздукту камсыздоого 6 миңден ашык милиция кызматкери тартылат. Бул үчүн Ички иштер министрлиги уюштуруучулук жана практикалык иш-чараларды аткарып, бир катар буйруктар менен көрсөтмөлөрдү чыгарган.

Маалым болгондой, 27-августта министр Кашкар Жунушалиев ИИМдин борбордук аппаратынын, Чүй ОИИББинин, Бишкек ШИИББинин коомдук коопсуздук жана жол кыймылынын коопсуздугу багыты боюнча бөлүмдөрүнүн кызмат көрсөтүүсүн текшерүүгө алды.
Текшерүү учурунда кызматтык тартиби менен мыйзамдуулуктун аткарылып жаткандыгы боюнча маселелер каралды. Жунушалиев милиция кызматкерлерине жарандардын укугун кынтыксыз коргоп, мыйзамга ылайык аракеттенүү керектигин дагы бир жолу эскертти. Ошондой эле ички иштер органдарынын ишинин натыйжалуулугу өлкөнүн жарандары үчүн маанилүүлүгүн, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодогу чечимдерди аткаруу чараларын күчөтүү керектигин билдирди.

"Ар бир милиционерден тапшырылган иштерге жана кызматтык милдеттерине профессионалдуулук жана жоопкерчилик менен мамиле кылуу талап кылынат. Биз коомдук коопсуздукту камсыздоо, өлкөдөгү тынчтык менен бейпилдикти, мыйзамдуулукту жана укуктук тартипти сактоо боюнча иштерди алып барышыбыз керек", - деди ал.

2-8-сентябрда өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда жол кыймылын жөнгө салуу максатында Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунда убактылуу 9 блокпост жайгаштырылып, милиция кызматкерлери бекитилген багыт аркылуу айдоочуларга жол көрсөтүп турушат. Ошондой эле жол кыймылынын эрежелерине тиешелүү маселелер боюнча "1262" атайын ишеним телефону (чет өлкөлүк туристтерге англис тилинде сүйлөгөн операторлор каралган) иштейт. Ишеним телефонуна жол кыймылынын коопсуздугу, жол кыймылынын эрежелери, унаа токтотуучу аймактар тууралуу кайрылышса болот. Ишеним телефону күнү-түнү иштейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Maks_shop
2018-08-27 19:40:14
Бечаралардын зарплатасы озуу ааз болсо дагы региондордон чыкыртылат
+1
Erik2018
2018-08-28 09:55:20
Maks_shop,Көчмөндөр оюндары мугадимдерге гана эмес баарыбызга керек. Келечекте бул оюн Азия оюндарына окшоп жанданып, тарыхта Кыргызстан бренд болуп кала берет. Ошондо анан кыйынсынып жазмакер болуп чыга келесинер. Пейилди ондойлучу.
0
Atas
2018-08-27 23:35:58
.........Биз эч кандай турк тилдуу мамлекет эмеспиз ........
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан