Майлуу-Сууда токко урунуп эки колунан айрылган жоокер бала чагынан эле мекенге кызмат өтөөнү кыялданып, аскерге өз ыктыяры менен барган

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы аскер бөлүктө токко урунуп эки колунан айрылган Руслан Сапарбаев мекенге кызмат кылуу үчүн аскерге өз ыктыяры менен барган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Кылым шамы" уюмунун директору Азиза Абдирасулова билдирди.

"Бүгүн жоокердин сол колу да кесилди. Кечээ ал жигитке барып жолуккам. Жалгыз уул болуп туруп эмнеге аскерге бардың десем "мен деле жоокер болууну кыялданчумун" дейт. Өзү жөнүндө сурасам Бишкекте эки жыл автожол окуу жайында окуп, андан соң Москвага иштегени кеткен экен. Ал жактан кайра келип, өзүнүн сурануусу менен аскерге кетиптир. Ал кызматын өтөп келген соң окуусун улантып, жол коопсуздугун коргоо тармагында жумушка орношсом деген тилек менен жүргөн", - деди Абдирасулова.

Жоокер ага кырсык кандайча болуп кеткенин төмөндөгүдөй айтып берген.

"Электр щитте эч кандай тосмо же эскертүү белги коюлган эмес. Ал абдан эски болгондуктан анын ичине чымчыктар уя салып, ичине чөп өсүп, куурап калыптыр. Окуя болгон күнү таңкы саат 6:00дө ошол щиттин ичинде уяда жаткан жумуртканы көрдүм, жерге түшүп калганы да бар экен. Жумуртканы коёюн деп колумду сунганда эле ага жабышып калдым. Буга чейин щиттин үстүндө эч кандай электр зымдары болгон эмес. Болсо, балким, ток бар деп ойлойт белем. Көрсө ток ал щитке жердин түбү менен келет экен. Мага кийин ошондой деп түшүндүрүштү", - деген ал.

Эске салсак, Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы аскер бөлүктө 22 жаштагы Руслан Сапарбаев аттуу жоокер токко урунган. Окуя 7-августта болгонун жеңеси Венера Өмүралиева SUPER.KG'ге 21-августта билдирип, эски электр щитке уялаган чымчыктын жерге түшүп калган жумурткасын кайра ордуна коюп коюуга аракет кылып жатканда кырсыкка кабылган деп айтып берген. 17-августта анын оң колу чыканагынан ылдый кесилген, ал эми 2-колу 28-августта кесилгени маалымдалган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Nargiza1987k
2018-08-28 13:26:39
Аааай байкушум десе Энен катти экен
+3
Targarien
2018-08-28 13:56:02
Эми 1 тыйын Мекенге керегин жок. Ошон учун биринчи кезекте озунду ойлош керек.
-5
Dalil
2018-08-28 15:20:55
Targarien, өзүн эмес элди өлкөнү ойлосо биздин жигиттер аскерге оорукчан же акчасы жоктор эмес ден-соолугу чың эркектер барып кыргыз армиясы да күчтүү болмок. Сага окшогон эмес эл менен мамлекеттин кадыр баркын ойлогон бийлик башчылары болгондо биздин жоокерлер менен чек арада жашаган эл кошуна өлкөнүн чек арачыларына тебеленмек эмес.
+1
Mital.89
2018-08-28 14:37:26
Ошол шитте эскертуу болбогону учун сотко бериш керек.
+7
Jigitchem
2018-08-28 15:51:27
Кана ошол щиттин деле суротун коргозуп койгулачы
+2
asash
2018-08-28 16:00:30
Почему, ошол элщит.карабайт, кимдин куноосу болсо, ошол жооп бериш керек, сен триллионго да тен келбеген колундан айрылдын,ким ошол элщитке жоопкерчиликтуу болсо, ошол ишкана, сага омур бою айына, жана первичной компенсация толоп бериш керек, ошолордун шалаакылыгынан ушул иш болуп олтурат, бар бол иним, ден соолук сага
+2
monster_high_98
2018-08-28 18:44:32
Ошондо каякта дарыланып жатат?Бишкекте болсо коруп койгону бармакмын.Адрес......
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан