Улуттук банк кыргыз баалуулугун даңазалаган 3 монетаны жүгүртүүгө чыгарды. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов маалымат жыйыны учурунда билдирди.
Анын айтымында, аталган монеталар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата улуттук баалуулукту даңазалоого багытталган.
"Чыгарылган монеталардын экөөндө улак тартыш оюну чагылдырылган. Үчүнчүсүндө кыргыз элинин баалуулугу болгон боз үйдүн элеси түшүрүлгөн. Бул монеталардын нускасы 1000 даана. Күмүштөн жасалган улак тартыш монетасынын баасы 2900 сом, жезден жасалганы 700 сом. Ал эми жезден жасалган боз үй монетасынын баасы 450 сом.
Монеталар эң жогорку сапатка ээ. Улак тартыш монетасынын алдыңкы бетине улакты эңип ат чаап бараткан адамдын элеси бар. Арткы бетине Кыргыз өлкөсүнүн герби түшүрүлгөн. Жүгүртүүгө чыгарылган монеталар 3-сентябрдан 9-сентябрга чейин Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда сатылат", - деди Абдыгулов.
Улуттук банк өткөн жылкы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата да "Көчмөндөр оюну" аталышындагы күмүш монеталарды жүгүртүүгө чыгарган.