Өлкөгө келип түшкөн акча которуулардын агымы жарым жылдыкка карата 990 миллион 300 миң долларды түздү. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта болгон Улуттук банктын маалымат жыйынында айтылды.
Маалыматка ылайык, өлкөгө которулган акчалар экономиканын өнүгүүсү үчүн негизги салым болуп эсептелет.
"Өлкөдөгү экономиканын өсүшү январь-июль айларына карата Кумтөр алтын кенин эске албаганда 2,2 пайызды түзгөн. Мындан сырткары экономикалык өсүш бардык тармактарда байкалууда. Экономиканын өнүгүүсүнө болгон негизги салым өлкөгө келип түшкөн акча которуулардын туруктуу өсүшү менен байланыштуу. Акыркы жарым жылдыкта сырттан которгон акчанын агымы 10,2 пайызга жогорулаган.
Учурда инфляция төмөн деңгээлде байкалууда. Ушул жылдын 17-августуна карата жылдык инфляция 1 пайызды түзгөн. Ошондой эле жылдын аягына чейин ушул көрсөткүч сакталышы күтүлүүдө. Ал эми ички дүң продукциянын өлчөмү жарым жылдын жыйынтыгы боюнча 0,2 пайызга азайган", - деп айтылды маалымат жыйында.
Ошондой эле акча алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүнүн калыбын сактоо максатында валюталык интервенция жүргүзүлүп жатканы айтылды.