Мурдагы вице-мэр Ренат Макенов үй камагына чыгарылды

Бишкектин мурдагы биринчи вице-мэри Ренат Макенов тергөөчүлөрдүн өтүнүчү менен үй камагына чыгарылды. Мындай чечим Биринчи Май райондук соту тарабынан 27-августта кабыл алынганын SUPER.KG'ге Жогорку Соттун катчылыгынан кабарлашты. Сот чечимине ылайык, Макенов 28-октябрга чейин үй камагында болмокчу.

Макенов Бишкектин №12-кичи районундагы 3,38 гектар жер тилкесинин жеке жактарга мыйзамсыз түрдө бөлүнгөнүнө байланыштуу козголгон кылмыш иштин негизинде июль айынын башында камакка алынган.

Макенов 2016-жылдын май айынан тартып 2017-жылдын августуна чейин мэриянын Менчик муниципалдык башкармалыгын жетектеп келсе, 2017-жылдын август айынан бери биринчи вице-мэр болуп иштеп келген.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
almanbetperm
2018-08-28 12:23:19
Тергоочулор доляга отурган окшойтда тузук эле
+3
Erik2018
2018-08-28 12:51:24
Эми Албек Ибраимовдун иши оорлойт экенда. Эми гектарлаган жери боюнча айтып берсин. Ошол жерлерди куссун.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан