Жайкы Азия оюндары: Кыргыз мушкер Азат Үсөналиев бокс боюнча мелдештин жарым финалына чыкты

Бүгүн, 28-августта Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында бокс боюнча мелдеш уланууда. Анда Кыргыз өлкөсүнүн мушкерлери дагы катышууда.

52 килограмм салмак ченинде мелдешке Кыргыз өлкөсүнөн Азат Үсөналиев катышты. Ал чейрек финалда түндүк кореялык Тае Бом менен күч сынашты. Кызуу беттештин жүрүшүндө Азат Үсөналиев көбүрөөк таамай сокку узатканга үлгүрүп, беттештин жыйынтыгында калыстардын бирдей чечими менен жеңишке жетти.

Муну менен Кыргыз мушкери Азия оюндарынын жарым финалына аттанды. Анда ал өзбекстандык мушкер менен кездешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
tulpar90
2018-08-28 13:15:12
Кудай колдосун Азатты.Озбектерда кучтуу
+2
Akyl.UM.kg
2018-08-28 13:21:54
Админ Озбек м.н качан чыгат ?
0
Edward.14
2018-08-28 14:06:11
Akyl.UM.kg,31-августь
+1
TalaCSKA
2018-08-28 13:28:57
Озубек Олимпийский чемпион экен буюуруп Азат женсе алтын биздики
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан