Орусияда кырсыкка кабылган Кыргыз жарандарынын аты-жөнү такталды

27-август күнү Орусиянын Москва шаарынан Санкт-Петербургга бараткан кичи автобус кырсыкка кабылып, андан 8 Кыргыз жараны жаракат алганы кабарланган. Бүгүн, 28-августта Кыргыз мамлекетинин Орусиядагы элчилиги кошумча маалыматтарды таратты. Андагы маалыматтарга караганда, жаракат алган 8 адам Ош облусунун тургундары болушкан. Бешөө дарыгерлердин текшерүүсүнөн кийин үйүнө чыгып кеткен болсо, үчөө дарылануусун ооруканада улантууда.

"Жаракат алган 1993-жылы туулган А.А.Д., 1985-жылы туулган Н.К.М. (жанында паспорттору жок) жана 1967-жылы туулган И.М.У. аттуу жарандар Кара-Суу районунун, ал эми 1985-жылы туулган Э.М.Х., 2000-жылы туулган Х.И.Н. аттуу жарандар Араван районунун тургундары болушкан. Алар дарыгерлердин жардамын алган соң үй шартында дарыланууга жиберилди. Ал эми Тосненск деп аталган ооруканада айдоочулардын бири 1967-жылы туулган С.Ш. жана 18 жаштагы Х.уулу.У. менен А.Т.Ч. аттуу жарандар дарылануусун улантууда. Алар алган жаракатынан улам 31-августка чейин аталган ооруканада дарыланышат", - деп кабарлашты элчиликтен.

Кырсыкка кабылган маршруттук таксиде 2 айдоочу жана 15 жүргүнчү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
gulmira12345
2018-08-28 16:46:35
А.Д К.М У.Т кантип билебиз кимдер экенин тоа
+5
Karaan
2018-08-28 22:43:35
gulmira12345,ушу бир гана супер инфо ушигтип жазат. Аттарын кчкартып К.О.Т деп. Окуп дыхат болуп кетесин )
+1
Rasul94
2018-08-29 09:27:49
Karaan,ха ха.кээде берки А анан
М деген да учурлары болот
0
Dalil
2018-08-28 17:08:17
Супер ХКМ СКМ дебей ушундай учурларда аты жөнүн толук эле жазгылачы. Клавиатура тергенден зериксеңер башка кабарчы алгыла. Кылмыш жасаган киши болсо бир жөн атын кыскартып же өзгөртүп айтса болот. Аты жөнү такталды деп туруп ким экен деп кирип окусаң ХКМ эхх...
+18
talant87
2018-08-28 18:47:15
Админ кимдир бироонун танышыдыр фамилясын билсе жардам берер кабатыр болуп жаткандыр жок деп
+4
Abdizhapar
2018-08-28 19:42:34
Аты жону такталса толук эле жазгыла да булар кыз зордуктаган жок го
+6
nelli
2018-08-28 20:37:50
Аты жонун толук жазгылачы кылмышкердей кылбай. Башка сайттарда даже кылмышкерлердин атын толук чыгарышат. Булар кылмышкер эмес да. ХКМШПШ дебей.
+4
jora-jora
2018-08-28 23:01:18
бул спринтер грузовый болсо мынча жургунчу эмне кылат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан