Сеулда Кыргыз-Корей кызматташтыгынын 26 жылдыгы белгиленди (сүрөт)

Түштүк Кореянын Сеул шаарында Кыргыз-Корей дипломатиялык кызматташтыгынын 26 жылдыгы жана Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 27 жылдыгы белгиленди. Иш-чара 25-август күнү Түштүк Кореянын Улуттук ассамблеясынын жыйындар залында өтүп, ага өлкө парламентинин депутаттары, эки тараптуу мамилени чыңдоого салым кошкон топтордун, компаниялардын жана бирикмелердин өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн элчилигинен кабарлашты.

Анын ачылышында Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Кылычбек Султан сөз сүйлөп, эки элдин маданиятынын, улуттук аң-сезиминин окшош жактарын белгиледи. Ошондой эле эки өлкөнүн кызматташтыгы мындан ары да дүркүрөп өнүгүшүнө кызыкдар экенин кошумчалады.

Иш-чаранын алкагында сүрөт жана кыргыз улуттук сувенирлеринин көргөзмөсү уюштурулуп, Корей Парламенттик имаратынын кире беришине боз үй тигилди. Келген коноктор ар түркүн улуттук тамак-аштардан даам сызышты. Ошондой эле Кыргыз-Корей чыгармачыл топторунун катышуусундагы концерттик программа жана улуттук кийимдердин көргөзмөсү көрүүчүлөрдү көңүл кош калтырган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан