Социалдык тармактарда баланы уктатуу үчүн жуурканды башына жаап тумчуктурган тарбиячынын видеосу тароодо. Видеону биринчилерден болуп казакстандык блогер Александр Цой жарыялаганын жергиликтүү маалымат булактары жазды. Цойдун билдирүүсүндө, видео Казакстандын Темиртау аймагындагы бала бакчалардын биринде тартылган.
Кийинчерээк тартип сакчылары тарабынан анын 50 жаштагы бала бакчанын тарбиячысы экендиги аныкталып, ага карата "жашы жете элек балдарды тарбиялоодо кызмат талаптарын аткарбаган" деген берене менен кылмыш иши козголгон.
"Эмнеге "жашы жете элек балдарды тарбиялоодо кызмат талаптарын аткарбаган" деген гана берене? Бул жашы жете электерди кыйноо, өмүргө кол салуу болуп жатпайбы? Токтоосуз бул аялды жана видеону тарткан кишини камаш керек. Сөз жок. Мындай адамдар кантип тарбиячы болуп калышат? Эмнеге ал адам дагы деле түрмөдө эмес?" - деген билдирүүсүн блогер видео менен кошо тиркеген.