Бишкек мэриясынын аппарат башчысы менен жарандык активисттердин жолугушуусунда коомдук кеңеш түзүү сунушталды

Бүгүн, 28-августта Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев менен жарандык активисттердин жолугушуусу өттү.

Жарандык активист Адил Турдукулов SUPER.KG порталына жолугушуу формалдуу болбошу үчүн алар тараптан талаптар айтылганын билдирди.

"Жолугушууга Калича Өмүралиева, Мавлян Аскарбеков, Максат Казакбаев, Айбек Мырза, мэриядан Балбак Түлөбаев жана бөлүм башчылары катышты. Азыркы учурда шаардык кеңештин депутаттары элдин кызыкчылыгы үчүн эмес, өздөрүнүн бизнестерин коргоо максатында топтолуп алышкандарын айттык. Ошондуктан шаардын кызыкчылыгын коргогон коомдук кеңеш түзүүнү талап кылдык.

Парк, жол, мыйзамсыз курулуштар боюнча жана мэриянын эл менен иштей албай жаткандыгы тууралуу дагы сөз болду. Биздин сунуштар иш жүзүнө ашпаса, анда мындай жолугушуулардан баш тартабыз", - деди Турдукулов.

Балбак Түлөбаев жыйынга 10го жакын жарандык активист келгенин айтты. "Жарандык активисттер тарабынан сунуштар айтылды. Коомдук кеңеш түзүү тууралуу айтышты. Мыйзамдуу жагын карап көрүшүбүз керек. Ошондой эле тематикалык жолугушуулар болсун дешти. Көйгөйлөрдү чечкенге түрткү боло тургандай жыйын болду. Эгерде ушинтип иштешсек, анда шаардын көп көйгөйүн чогуу чече алабыз деген ойдомун. Биз эч качан жарандык коом менен жолугушуудан качпайбыз", - деди Түлөбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан