Бишкек-Жалал-Абад-Бишкек аба каттамы 2 аптага чейин убактылуу токтотулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган каттамды ишке ашырып келе жаткан "Тез Жет" компаниясынын Ош шаарындагы өкүлү Чыңгыз Бектурганов кабарлады.
Маалыматка ылайык, буга чейин дүйшөмбү, шаршемби, жума күнү Бишкек-Жалал-Абад-Бишкек багыты боюнча учкан каттамдар бүгүн, 28-августтан баштап токтотулуп турат. Бул күндөргө учакка билет алып алган жүргүнчүлөр акчасын кайтарып алууну туура көрсө, 100 пайыз кайтарып берилет.
"Эгер Жалал-Абадга учууга билет алып алган жүргүнчү Бишкек-Ош каттамы аркылуу уча турган болсо, биз Оштогу аэропортко атайын кичи автобустарды койдук. Оштон түшкөндөн кийин аларды Жалал-Абадга жеткирүү камсыздандырылат. Билетти сатып алып жатканда байланыш номерлерин көрсөткөн жүргүнчүлөргө байланышып, айтып жатабыз. Каттамдын убактылуу токтошуна компания тейлеген каттамдардын ички графигин өзгөртүү себеп болду.
Учурда жаңы окуу жылына карата Бишкек-Москва-Бишкек каттамдарына суроо-талап көбөйүп жаткандыгына байланыштуу каттамдарды ошол багытка көбөйтүүгө аргасыз болуп турабыз. Бир да учак Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кызмат көрсөтүүгө берилген жок. Эки аптадан кийин каттам калыбына келтирилет", - деди Бектурганов.