Олег Панкратов: "Өкмөттүн жыл соңуна чейин экономикалык өсүштү 102,8 пайыздан кем эмес көрсөткүчтө камсыздоо милдети бар"

Экономика министри Олег Панкратов жыл соңуна дейре экономикалык өсүш 102,8 пайыздан кем эмес көрсөткүчкө ээ болушу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-августта, өкмөттүн кезектеги жыйынында 2018-жылдын соңуна чейин күтүлүүчү социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышынын жүрүшү тууралуу маалымат берип жатып билдирди.

Панкратовдун айтымында, Улуттук статистика комитетинин алдын ала берген маалыматтары боюнча, 2018-жылдын 7 айынын жыйынтыгы менен ички дүң продукциянын реалдуу өсүш темпи 99,8 % пайызды түздү.

"Кумтөрдү" эсепке албаганда, ички дүң продукциянын реалдуу өсүш ыргагы 102,2 пайызды түздү. Ички дүң продукциянын көлөмүнүн өсүү темпине геосаясаттагы чыңалуу жана фондулук рыноктогу белгисиздик. Анын ичинде дүйнөлүк соода жүгүртүүнүн төмөндөшү, биздин негизги стратегиялык өнөктөш – Орусияга карата санкциялар кандайдыр бир деңгээлдеги өз таасирин тийгизди", – деп белгиледи ал.

Экономика министри белгилегендей, отчёттук мезгилдеги экономикалык өсүштүн басаңдашынын негизги себеби катары улуттук экономиканын "Кумтөрдүн" ишмердүүлүгүнөн жогорку деңгээлдеги көз карандылыгы эсептелет.

"Кумтөр" кениндеги алтын өндүрүү кескин кыскарууда жана 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча алтын 2017-жылга салыштырмалуу азыраак өндүрүлөт. Бирок буга карабастан, экономикалык өсүш 102,8 пайызды түзүшү керек. Экономиканын айрым секторундагы жалпы терс динамикага карабастан, биз оңдуу натыйжаларга жетиштик. Тактап айтканда, айыл чарба тармагында өсүш – 102,1 пайызды, курулушта – 106,4 пайызды, соодада – 104,3 пайызды, тейлөө тармагында – 106,3 пайызды түздү. Өнөр жай тармагында тамак-ашты иштетүүдө – 105,2 пайыз, текстиль тармагында – 121,9 пайыз жана мунай продуктусун өндүрүүдө 132,7 пайыз өсүш орун алган", – деди министр.

Олег Панкратовдун билдиришинче, өкмөттүн алдында жыл соңуна дейре экономикалык өсүштү 102,8 пайыздан кем эмес көрсөткүчтө камсыздоо милдети турат.

"Кумтөрдүн" алтын өндүрүү боюнча пландык көрсөткүчтөрүнө жетишүү аркылуу аталган милдеттер аткарылышы керек", – деп белгиледи ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Belekus
2018-08-29 13:29:26
жабалы дегендерди тушунбойм
0
dysha
2018-08-29 13:35:28
Belekus, тушунбойле кой. алар чала патриоттор
0
dysha
2018-08-29 13:32:52
экспорттун 51% чапчыйт
0
idin
2018-08-30 02:16:13
панкратов опытный да, билет кантип иштеш керек. ошондойлорду кобуроок угуп, саясаттан алыс болгон туура
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан