Бишкекте №6-троллейбустук каттам ачылды

Бишкекте 28-августтан тартып №6-троллейбустук каттам ишке кирди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Каттам 8-кичи райондон тартып, батыш автобекетине чейин жүрүп, жалпы жолунун узундугу 20 чакырым 700 метр аралыкты түзөт. Жаңы маршрутта 11 троллейбус иштеп, күтүү аралыгы 8-9 мүнөт болот.

Каттамдын ыңгайлуулугу үчүн батыш автобекети тараптагы троллейбус бурулуучу айланма жол реконструкцияланып, жарыктандыруу иштери жүргүзүлдү.

Айланма жол №6-троллейбустук каттамдын соңу болуп, ал жерден №7, №35-каттамдагы автобустар жана №132, №111, №129, №224 жана №275-маршруттук таксилер да бурулуп өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
barsbegKG
2018-08-29 18:01:45
Сөзүңөргө туруп 8-9 мүнөттөн кечиктирбегиле. Жапондор 25секунда үчүн ызылдаганда. Метронун жетекчиси кечирим сураган!!! (2-3ай мурда жапон метросу 25секунд эрте жылып кеткенде ошондой окуя катталган). Ар бирибиз айткан сөздү аткаралы
0
Djumahmatov
2018-08-29 20:11:52
barsbegKG,Ашырып ийбединизби?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан