Бүгүн, 28-августта Индонезиядагы Жайкы Азия оюндарына катышып ийгилик жараткан Кыргыз спортчулар кайтып келишмекчи. Спортчуларды туугандары жана күйөрмандары Аламүдүн районундагы "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү пунктунан тосуп алуу үчүн күтүп жатышат.
Бул ирет мекенине жиу-житсу жана оор атлетика боюнча спортчулар келишет. Алардын арасында жиу-житсу боюнча мелдеште Кыргыз каппчыгына биринчи алтын медалды алып келген Төрөкан Багынбай уулу, күмүш медалдын ээси Нурсултан Алымкулов, коло медалдардын ээлери Муртазали Муртазалиев менен Абдрахман Муртазалиев жана оор атлетика боюнча коло медалды утуп алган Иззат Артыков бар.
Эске салсак, буга чейин 24-августта күрөш боюнча мелдеште ийгиликтүү катышкан спортчулар келген. Алардын арасында күмүш медалдарга татыган Магомед Мусаев, Айсулуу Тыныбекова, Каныбек Жолчубеков менен Акжол Махмудов, коло медалдардын ээлери Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Амантур Исмаилов менен Үзүр Жусупбеков болгон.
22:30 Учурда Кыргыз сыймыгы болгон спортчулардын туугандары жана күйөрмандары алардын сүрөттөрү түшүрүлгөн плакаттарды жана ураандарды көтөрүп күтүп жатышат.
22:35 Азия оюндарынын коло медалынын ээси Муртазали Муртазалиев башка багыт менен учуп келип, спортчулардан бөлүнүп эртерээк келип калды. Ал Азия оюндары тууралуу төмөнкү сөздөрдү айтып берди. "Азия оюндарында 3-орунду ээледим. Жиу-житсу менен 8 жылдан бери машыгып жүрөм, буга чейин 10 жыл бокс менен. Азия оюндарына даярдык жогорку деңгээлде өттү. Машыктыруучуларга ыраазычылык билдиргим келет. Иним Абдурахман Муртазилиев экөөбүз жаракат алып калып, 3 айга жакын машыкпай калдык. Азия оюндарына бир ай калганда гана машыгууларды баштаганбыз", дейт ал.
Муртазали Муртазалиев спорттун жиу-житсу түрүнө кантип келип калганын дагы айтып берди. "Көп жыл мурун, атам мени Малайзияга окууганы жиберген. Ошол жаткан мен жиу-житсу менен машыккан бразиялык машыктыруучуга жолугуп калдым. Малайзиядан машыгып баштап, азыркы тапка чейин бул спорттун түрү менен машыгам", - деп кошумчалады Муртазалиев
22:55 Кыргыз капчыгына биринчи алтын медалды алып келген Төрөкан Багынбай уулунун апасы Чолпонай Жүзбаева "абдан толкунданып турам" деп сөз баштап, уулун сагынып жатканын айтты. "Мен уулумду төрөлгөндө эле кадимки спортчунун көрүнүшүн көргөм. Уулум мага өзгөчө көрүнгөн. Төрөкандын башка бир тууган агалары дагы спортко жакын. Мен аларга кошуп залга жиберип абдан үй-бүлөбүз менен колдоп турдук. Анын эң биринчи жараткан ийгилиги Түркияда болгон. Ал жактан күмүш медалды жеңип келген. Баламды "акжолтой" болду деп эсептейм", - деди.
23:03 Учурда спортчулардын туугандары жана күйөрмандары спортчуларды тосуп алууга даярданып, желектерин желбиретип, ураан чакырып жаткан учуру. Маалыматтар боюнча, спортчулардын тобу Казакстандын Кордай аймагында келе жатышат.
23:32 Спортчулар чек ара постунан өтүп, чыдамсыздык менен күткөн күйөрман, туугандары жана ЖМК өкүлдөрү менен жолугушушту. Кол чабуулар, кыйкырык-сүрөөн менен спортчуларды тосуп алышты.
23:34 Коло медалдын ээси Иззат Артыков: "Даярдык жакшы эле болчу, бирок физикалык жактан бир аз алсызыраак болуп калдым. Кыргыз элин сыймыктандырдым деп ойлойм. Медаль алам деп баргам, ошол оюма өз даярдыгыма жараша жеттим. 1 килограммга өзбек спортчусуна алдырып койдум, мындайча айтканда аларга ал орун белек болуп калды".
23:37 Алтын медалдын ээси Төрөкан Багынбай уулу толкундануу менен буларды айтты: "Мен алтынды жеңем деп баргам. Бул ишеничим ишке ашты. Жеңишимди жалпы кыргыз элиме, ата-эне, бир тууган агаларыма арнайм. Жиу-житсу спортуна көңүл бурулат деп ойлойм. 2024-жылы буюрса бул спорттун түрүн Олимпиада оюндарына киргизишет деп жатышат.
Мен үчүн ар бир беттеш оор. Таиланддын спортчусу менен таймашып финалга чыгуу аябай оор болду. Анын баары буюрса артта калды".
23:48 Оор атлетика боюнча дүйнөнүн чемпиону Каныбек Осмоналиев спортчуларга ийгилик каалап, кубанычы менен бөлүшүп өттү. "Биздин балдардын жараткан ийгиликтери бул башы гана. Себеп дегенде спорттун жаңы түрлөрү менен катышып, эл аралык мелдештерде ийгилик жаратып жатышат. Бул албетте кубандырат. Эртең артта чыга турган да спортчулар жок эмес".
Азия оюндарында ийгилик жараткан Кыргыз спортчуларын кайтып келишти