Премьер-министр: "Өкмөттүн милдети - социалдык жактан аярлуу катмардагы жарандарды коргоо"

"Биз ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жашоо шартын жакшыртуу үчүн бардык зарыл аракеттерди жасоого тийишпиз" деди өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев. Ал мындай пикирин бүгүн, 28-августта өкмөттүн кезектеги жыйынында сүйлөп жатып билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, Бириккен улуттар уюмунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин укуктары жөнүндө Конвенциясын ратификациялоого даярдоо маселеси абдан олуттуу жана чечимди талап кылат.

"Маалыматтарга ылайык, өлкөнүн 180 миң жараны ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген болуп саналышат, алардын ичинен 30 миңи – 18 жашка чейинки балдар. Алардын жашоо шартын жакшыртуу үчүн бул процессти ар бир жолу кечеңдеткен шылтоолорду ойлоп таба бербестен, тийиштүү өбөлгөлөрдү түзүү керек. Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин укуктары жөнүндө Конвенцияны ратификациялоо эл аралык коомчулуктун гана эмес, биздин жарандардын алдындагы милдети болуп саналат. Өкмөттүн милдети – социалдык жактан аярлуу катмардагы жарандарды коргоо. Ошондо гана мамлекет кубаттуу болуп эсептелет", – деди Абылгазиев.

Премьер-министр кошумчалагандай, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды дене тарбия, социалдык, экономикалык жана маданий чөйрөнүн, саламаттыкты сактоо жана билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү менен камсыздоо, алардын ар биринин бардык мүмкүнчүлүктөр жана укуктар менен толук кандуу колдоно алуусу маанилүү болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
almanbetperm
2018-08-28 22:04:25
Жарытып же пенсия пособие бербесенер,45 жылдык стаж менен 2мин алышат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан