Бишкекте 49 жаштагы жаран куураган чөптөн чыккан өрттөн күйүк алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт 28-августта катталган.
Бишкектин Ленин районунун Жал кичи районундагы 15-үйдүн жанында ачык аянтта куураган чөп күйгөн. Өрттүн натыйжасында 1969-жылы туулган А.Т. аттуу эркек киши бутунан күйүк алып, "Тез жардам" кызматы аркылуу №4 шаардык ооруканага жеткирилген.
Учурда өрттүн себеби такталууда.