Ак-Суу районундагы Уюл-Төр капчыгайында калып калган турист куткарылды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 29-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова кабарлады. Чехиядан келген 23 жаштагы М.Ф. аттуу турист аталган капчыгайда бутун сындырып алып калып калган. Анын жанында дагы бир Чехия жараны болгон.
"26-август күнү түшкө жуук ӨКМнын Каракол шаарындагы бөлүмүнө маалымат түшүп, ошол эле күнү бизден 8, туристтик компаниялардын биринен 8 куткаруучу айтылган дарекке жөнөп кетишкен. Куткаруучулар 27-август күнү чехиялык туристти алып түшүп, Каракол шаарындагы ооруканага жаткырышкан", - деди Шерипова.