Буга чейин окурман "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө "24-августка караган түнү 4 барак тибиндеги үй өрттөнгөн. Үйдүн ичиндеги мүлктөр күйүп кеткен. Өрт өчүрүүчүлөрдү чакырышса кечигип келишкен" деген билдирүүсүн жөнөткөн.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги төмөндөгүлөрдү билдирди: "Жети-Өгүз районундагы Чоң-Жаргылчак айылында 4 үйдөн турган, жалпы аянты 300 чарчы метр болгон жыгачтан салынган, үстү шифер менен жабылган барак тибиндеги турак үй толугу менен күйүп кеткен. Аталган айылга өрт өчүрүү бөлүмү Кызыл-Суу айылынан келген. Кызыл-Суу айылы менен Чоң-Жаргылчак айылынын аралыгы 37 чакырымды түзөт. Өрт өчүрүүчүлөр билдирүү келери менен дароо жолго чыгышкан. Алар жеңил унаа менен эмес, 4 тонна суусу бар өрт өчүрүүчү унаа менен чыгышат. Үй жыгачтан салынгандыктан өрт аз убакыт ичинде эле күчөп кеткен. Азыркы тапта өрттүн себептери такталууда", - дейт минстрликтин басма сөз кызматы.