"Бир жаранды бычактады" деп шектелип жаткан Токмок шаардык кеңешинин депутаты Тынай Жансейитовду издөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта SUPER.KG порталына Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, факт боюнча Кылмыш жана Жаза кодексинин "адам өлтүрүүгө аракет жасоо" беренеси менен кылмыш иши козголгон.
28-августта Талантбек Жамангулов аттуу жаран "Токмок шаардык кеңешинин КСДПдан депутаты Тынай Жансейитов мага бычак сайды" деп SUPER.KG порталына кайрылган.
Жамангулов Жансейитов менен эч кандай мамилеси жок экенин айтып, эч себепсиз ага бычак сайганын билдирген. "Булар бир туугандары менен Токмок шаарын ээлеп алышкан. Байкем экөөбүз 26-августта мал базарга барганбыз. Мени жөнү жок жерден бычактап салды. Бир нече жолу ичиме бычак менен сайды", - дейт Жамангулов.
Жансейитов менен байланышууга мүмкүн болбой жатат. Токмок шаардык кеңешинин КСДП фракциясынын лидери Максат Жоошбеков Жамангулов былтыр президенттик шайлоо убагында Жансейитовдун үйүнө барып "чык эшикке" деп аны коркутканын укканын айткан.