Буга чейин "Элдик кабар" рубрикасына Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунда жайгашкан №2-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имаратынын эскилиги жетип, жаңылоого муктаж экендигин билдирген.
Бул боюнча Ала-Бука райондук ооруканасынын башкы директору СанжарТаировго кайрылып төмөнкүчө жооп алдык.
"Бул оорукананын сырткы көрүнүшү начар абалда болгону менен ичинде кадимкидей эле бейтаптар дарыланышат. Бейтапкананы атайын оңдоп-түзөө боюнча тендер жарыяланган. Жакынкы күндөрү бул иштер аткарылганы турат. Тактап айтканда, оңдоо иштери башталат. Балким, бир айдан кийин оорукананын имараты оңдоп-түзөөдөн өтүп бүтөт", - деди Таиров.
Буга чейин тургун: "Оорукананын оңдоп-түзөй турган деле эч нерсеси калган жок, сыртындагы шыбактары урап түшкөн, ичинде полу чирип, сырлары сыйрылып кеткен. Ичи караңгы, уюлдук телефондордун жарыгы менен бара турган бөлмөлөрдү табасың. Узун, караңгы залда кезек күткөндөрдү көрүп 21-кылымда жашап жатканыма ишенбей кетем", - деп жазган.