"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Нарындагы Кара-Чий айылын таза суу менен камсыздоого бюджеттен акча бөлүнбөй жатат" дейт айыл башчы

Буга чейин "Элдик кабар" рубрикасына Нарын районуна караштуу Кара-Чий айылында ичүүчү таза суу жок, аны чыгаруу аракеттери да болбой жатканын айыл тургундары билдирген.

Аталган маселе боюнча Кара-Чий айылынын башчысы Нурак Ноорузбаевге кайрылганыбызда, таза суунун көп жылдан бери чыкпай жатканын төмөндөгүдөй түшүндүрдү.

"Негизги план боюнча айылга 2019-жылдын аягы менен таза суу кириши керек эле. Бирок таза сууга бюджеттен акча бөлүнбөй жатат. Айылга суу киргизе турган шаймандар жана арыктар казылып даярдалганы эле болбосо, башка иштер токтоп турат. Тийиштүү мекемеге барсам акча бөлүнөр замат иш башталат деди. Буга чейин айылга таза суу түтүктөрү такыр киргизилбегендиктен жумушу оор болот", - деди айыл башчы.

Аталган айылдан "Элдик кабарга" маалымат жиберген окурман: "Эл мүрзөнүн жанынан аккан каналдан суу алып ичет, ал сууну балыр басып кетмей жайы бар. Күндүз мал да ошол арыктан суу ичет, балдар сууга киринет. Ошондуктан сууну таңга жуук алууга туура келет", - деп билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан