Соңку кабардын "Элдик кабар" рубрикасына Кызыл-Кыя шаарынын тургуну кайрылып, жергиликтүү тургундар 1 айдан бери кир суу ичип жатканын кабарлаган эле.
Окурман видео менен кошо "Бир айдан бери ушундай суу ичип жатабыз. Мэрия сууну тазалабай, каякты карап жатат? Тез арада чара көрүүнү талап кылабыз" деген билдирүүсүн жөнөткөн.
Тургундун көтөрүп чыккан маселесине Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы төмөндөгүдөй жооп берди:
"Кызыл-Кыяда жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, суу ылайланып, ылай ичүүчү сууга кошулуп кеткен. Мунун кесепетинен сууну тазалоочу фильтрлер жетишпей, түтүктөрдөн ылай аралаш суу чыгып жаткан. Учурда баары калыбына келтирилди. Бардык жактан таза суу чыгып жатат. Кызыл-Кыяда таза суу көйгөйү жок", - деди ал.