"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Документтерге ысымдын туура эмес жазылганынан көп убара тарттым" деген тургунга Мамкаттоо кызматынын жообу

Буга чейин "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына "Документтерге ысымдын туура эмес жазылганынан көп убара тарттым. Жумушка сабаттууларды алышса болмок" деген билдирүү окурман тарабынан келип түшкөн.

Анын айтымында, Жарандык актылардын абалын каттоо кызматындагы жана Социалдык фонддогу кызматкерлердин документтерге аты-жөндү жазууда кетирген катачылыктары көп.

Бул маселе боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматына байланышып, төмөндөгүдөй жоопторду алдык.

Мекемеден билдиришкендей, аты-жөндү жазууда кетирген каталар - бул республикалык масштабдагы маселе.

"Биз бир канча жыл орусташуу саясатына дуушар болуп келгенбиз. Мындан улам дээрлик 5 муун ошолордун кол алдында чоңоюшкан. Ошол маалда тарбияланып, билим алгандар ушундай маселелердин пайда болушуна алып келип жатат деп ойлойм. Себеби ошол жылдары "ө", "ү" деген тамгалар колдонулган эмес. Качан гана өлкөбүз эгемендүүлүк алгандан кийин аталган тамгалар колдонулуп калбадыбы. Ошондуктан ката көбүнчө ошол тамгалардан кетет", - дешти Каттоо кызматынан.

"Экинчиден, акыркы эки жылдан бери жарандардын документтери алардын көзөмөл алдында толтурулуп жатат. Муну менен ката азайды десек да болот. Ошондой эле биздин жарандар ката кетип калган документтерин алып биздин тийиштүү органдарга кайрылып арыз жазуу дегенди билишпейт. Эшиктин сыртында эле кызматкерлер менен урушуп, кайра өздөрү чуркай баштайт. Мындай кылбаш керек. Ката кетти, карап көрүп, арызын жазып, жетекчиликти бул маалымат менен камсыз кылышы шарт. Биз ал кызматкердин ишин карап көрүп, чара колдонобуз", - деп түшүндүрүштү мекемеден.

Аталган жумушту аткарган кызматка адамдар кандай негизде алынат деген суроого "Сынак аркылуу алынат" дешти каттоо кызматынан.

Буга чейин SUPER.KG порталына арыз менен кайрылган тургун: "Кичүү кызыма паспорт алганы барсам милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча документинде аты-жөнүндөгү "Ү" тамгасынын ордуна "У" тамгасы жазылып калыптыр. Мындан улам мени паспорт столдон Ош шаардык Жарандык абалдын актыларын каттоо кызматына жөнөттү. 26-июлда аны оңдоо үчүн документ тапшыргам, 15 күндөн өттү, кайра келе элек. Сурасам эле "Бишкектен жооп келиш керек, сиз эмес, сизден мурун тапшыргандардын документи эми келип жатат" деп жооп беришет. Эмне үчүн кайсы бир кызматтын кетирген катачылыгынын азабын эл тартат? Жоопкерчиликти ким алышы керек? Жумушка сабаттуу кызматкерлерди албагандыгынын кесепети деп билем", - деп жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
trabzon11
2018-08-30 09:04:25
Мамкаттоо эле эмес мамлекеттик органдар бут сабатсыз экен.откондо ички иштер министрлигинен требование керек, бишкектен алып кел деп Бишкеке келдим.ИИМде катчы болуп иштеген жаш эле неме экен.Берген требованиеде атымды тууралап жазалбай бир тамганы кошуп жазып койуптур..сабатсыздардын баары бийлике барып алышса керек..
+4
aikokul14
2018-08-30 11:54:16
Жообуңуздар үчүн чоң рахмат Админ.,канча күндө ОМС "оңдолуп" келээри жоопсуз калыптыр да,акыры мынча күндө даяр болот деген чек бар да.
+1
Nuri1988Elim2010
2018-08-30 12:20:23
aikokul14,Мен куболукто печать жок экен ошону алмаштырганы барсам,эки ПИН бар экен он сегиз кундо келет дешти.Бирок акчасын тогуп ушинтип бутпой кеткендерге кайрадан акча токтурушот экен.Ушугада жооп алып берсе жакшы болмок.Мурда тогулгон срогу отуп кетти дешип
+2
aikokul14
2018-08-30 13:01:18
ошондой болуп баш аламан болуп жатпайбы,булар деле жакшылыктуу жооп беришкен эмес.Ката жазган учурда эмне үчүн биз кайра дагы кассага акча төлөшүбүз керек,же булардын "бизнеси" ушундайбы түшүнбөдүм.
+1
gulzat85
2018-08-30 13:35:42
Кызыма туулгандыгы тууралуу куболук алсам атасынын аты н тамгасы жазылбай калыптыр.эч нерсе болбойт деп коюшту.эмне кылуу керек эми
+1
aikokul14
2018-08-30 15:51:12
gulzat85,ошол бир тамгадан болуп жатат көйгөйдүн баары,оңдотуп алыңыз.
+2
madina.87
2018-08-31 02:34:27
Менин кызымдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнө да ката жазып, үстүнөн замаска менен сүртүп,оңдоп койгон эле.Былтыр барып алмаштырдым, бекер эле бир күндө кайра жазып беришти,бирок кайра эле бир тамгасын калтырып жазып коюшуптур.Кетпей туруп кайра жаздырганмын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан