Ажылык сапардан келе жаткан зыяратчыларды тосуп алууга келген адамдарды "Манас" эл аралык аэропортунун имаратына киргизүү чектелүүдө. Бул тууралуу "Манас" аэропротунун маалымат кызматы билдирди.
"Ажылык сапардан келе жаткан зыяратчыларды тосуп алуу максатында келген жарандардын саны көп болгондуна байланыштуу аларды чектелүү гана санда аэропорттун имаратына киргизип жатабыз. Бул чектөөлөр коопсуздукту жана тартипти сактоо үчүн киргизилип жатат. Ал эми жүргүнчүлөр эч кандай тоскоолдуксуз кирип чыгып жатышат", - деп билдирди маалымат катчы.
Ошондой эле мындай көрүнүш жыл сайын боло тургандыгын жана зыяратчыларды тосуп алууга келген тургундар аэропорттун алдында туруп турса боло тургандыгын катчы кошумчалады.