Кант шаарынын Лебединовка айылында баласы менен кошо баратканда унаа сүзүп кетип каза болгон эненин өлүмү боюнча кенемте төлөп берүү талабы коюлду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.
Маалым болгондой, бүгүн, 29-августта министрликке Орусиянын Кыргыз жериндеги убактылуу ишенимдүү өкүлү Вадим Чекмазов жана "Кант" авиабазасынын командири Андрей Янкин чакыртылды. Алар менен министрдин биринчи орун басары Динара Кемелова жолугушуп, эне-баланы сүзүп кеткен айдоочу, базанын кызматкери К.Азановду тергөө иштерине катыштыруу, эненин өлүмү боюнча кенемте төлөп берүүнү талап кылды.
Орусия тарап кырсыктан каза болгон А.Курманкалиеванын өлүмү боюнча кенемте төлөп берерин жана аны сүзүп кеткен кызматкерди тергөө иштерине катыштыра турганын айтты.
Кырсык 27-август күнү саат 12:30 чамасында Кант шаарынын Лебединовка айылында катталган. Анда 42 жаштагы аял 3 жаштагы баласы менен жөө адамдар өтүүчү жолдон өтүп баратканда аны Hundai Tucson үлгүсүндөгү жеңил унаа келип сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен эне окуя болгон жерден каза болуп, баласы ооруканага жеткирилген.