SUPER TV: Эмчек рагын жеңген аял: "Уулумду жоготуп, күйүттөн көкүрөгүм өрттөнүп жүрүп ооруну деле сезбептирмин"

Аялдар үчүн өтө коркунучтуу дарт - бул көкүрөктүн залалдуу шишиги. Бул дартка кабылгандар башында өзүнүн ооруп жаткандыгы тууралуу билбейт. Анын башталышы эмнеден улам болуп калганын да түшүнбөй калат. Мындай маалымат менен эмчек рагын жеңген Айгүл Кулдаева бөлүштү.

"Дартты адам өзү аныктай албайт, бирок күмөн жаралса кармап көрүп, без сымал катуу нерсени байкаса болот. Рак болушу мүмкүн деген белгилер - бул эмчектин биринин көлөмү чоңураак болушу же эмчектин үрпү ичине кирип кетиши, анан колтук жакта без чочушу да текшерүүгө барууга түрткү болот.

Уулумдун башында залалдуу шишик табылып, оорудан улам каза болуп калды. Мен 2012-жылы стресске кабылдым. Уулумдун күйүтүн тартып жүрүп, ооруну деле сезбептирмин. Ошондон кийин менин көкүрөгүмдө да залалдуу шишик пайда болду. Кыздарым менин көзүмдү карап, жаша деп жатышты. Алардын жалгыз каларын ойлогондо ушул жаман аттуу дартты жеңем деп өзүмө сөз бердим", - дейт Айгүл Кулдаева.

Эмчектин рагына кабылып, операция жолу менен эмчегин алдырган аялдар үчүн кандай протездерди колдонуу керек, дегеле рактын алдын алуу, эгер ал дартка кабылып калса кандай жолдор менен оорунун жолун тороого мүмкүн, шилтеме аркылуу өтүп SUPER TV'дан көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан