Кыргыз өлкөсүндө колдо багылган алгыр куштарга паспорт (идентификациялык карта) берилет. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аталган карта куштардын өлкө ичиндеги жана чет өлкөлөрдө өткөрүлгөн ар кандай көргөзмөлөргө, сынактарга катышуу үчүн жана аңчылыкка чыгууда колдонулат.
"Аталган чечим өкмөттүн 2018-жылдын 4-июнундагы "Кыргыз өлкөсүнүн аймагындагы жырткыч жана алгыр куштарды багуу жана пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомунун негизинде ишке ашууда. Канаттууларга документ жана микрочип жасоо үчүн жакын арада тендер жарыяланат", - деп билдиришти агенттиктен.
Азыркы учурда өлкө аймагында 200гө жакын мүнүшкөр алгыр куштарды багышат.