Кыргыз өлкөсүндө дем алыш күндөрүнө байланыштуу унаа, турак жай жана жер салыгын төлөө мөөнөтү 4-сентябрга чейин узартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, салык кызматы жарандарды 4-сентябрга чейин майрам жана дем алыш күндөргө карабай саат 9:00дөн 22:00гө чейин кабыл алат.
"Унаа, турак жай жана жер салыктарын төлөөгө жетишпей калган жарандар калган күндөрү, анын ичинде 4-сентябрда да төлөө жүргүзө алышат. Төлөмдү банк мекемелеринин кассаларынан, терминалдардан, мобилдик жана интернет банкинг аркылуу төлөөгө болот", - деп айтылат маалыматта.
Салык төлөө мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн туум эсептелет. Ал эми салыктарды өз убагында төлөбөгөндөргө 2000 сом өлчөмүндөгү административдик айып салынат.
Ошондой эле салык төлөө мөөнөтү бүткөндөн кийин өз убагында төлөм жүргүзбөгөн жарандарды текшерүү үчүн рейд жүргүзүлөт.