Бүгүн, 30-августта “Коопсуз шаар” долбоору боюнча тегерек стол өтүп жатат. Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин жетекчисинин орун басары Кубаныч Шатемировдун билдиришинче, өткөн сынактын үзгүлтүккө учурашына катышуучулардын биринин туура эмес маалымат киргизгени себеп болгон.
“Маалыматтар туура эмес киргизилгени үчүн систем жабылып калган. Анда сынактын баасы белгиленген босогодон өтүп кеткен. Мунун себебинен тендердик комиссия сынакты жараксыз деп тапкан. Мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу кайрадан жарыяланды. Тендердик комиссиянын курамы мурдагы боюнча өзгөртүүсүз калтырылды. Мындан сырткары техникалык тапшырмалар жана сынактын шарттары жана көрсөтүлгөн документтери мурдагы боюнча калды. Коопсуз шаар алкагында видеокөзөмөл системдерин орнотуу боюнча тендердин баштапкы баасы 2 миллиард 500 миң сом деп көрсөтүлгөн. Долбоордун шарты боюнча жеңүүчү Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн кесилишине, эл аралык маанидеги жолдорго видеобайкоолорду орнотушу керек. Сынакка катышуу үчүн арыздар 4-сентябрь күнү саат 15:00гө чейин кабыл алынат. Ал эми сынак ошол эле күнү өткөрүлөт”, - деди Шатемиров.
Мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу өткөрүлүп жаткан сынактын системи 23-августта бузулуп калган. Анда система 50,5 миллиард сом сунуш кылган "Мегалайн" фирмасын жеңүүчү деп таап, калган катышуучулардын сунуштаган суммасы көрсөтүлгөн эмес.