"Бопуш" аты менен элге таанымал болгон актёр Марат Жанталиев Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын алды. Сыйлык алгандардын тизмеси

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу боюнча буйрукка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Эгемендүүлүк күнүнө карата өлкөнүн социалдык-экономикалык, маданият жана интеллектуалдык тармактарын өнүктүрүүгө салым кошкон инсандарга сыйлык ыйгарылат. Ардактуу наамдар менен маданият өкүлдөрү, артисттер, мугалимдер, дарыгерлер, юристтер, экономисттер жана айыл чарба кызматкерлери сыйланат. Ошондой эле II, III даражадагы "Манас" ордени, "Даңк" медалы тапшырылат.

Сыйлык алуучулардын арасында депутаттар, чиновниктер жана Апрель окуясынын баатырлары дагы бар.

Бир катар маданият кызматкерлерине "Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү", "Кыргыз Республикасынын Эл артисти", "Маданиятка эмгек сиңирген ишмер" наамдары берилет.

"Кыргыз Эл артисти" наамын алуучулар:

Анаркүл Назаркулова - Т.Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актрисасы.

"Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" наамын алуучулар:

Адил Чекилов - "Элес" тобунун продюсери, эстрада ырчысы;

Жылдыз Акматова - Актриса-каскадёр;

Токтобек Асаналиев - К.Молдобасанов атындагы кыргыз улуттук консерваториясынын доценти;

Шахрезада Аскарова - Эстрада ырчысы;

Салима Балтаева - Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын солисти;

Насредин Дубашев - Т.Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын жогорку даражадагы актёру;

Марат Жанталиев - Б.Кыдыкеева атындагы кыргыз мамлекеттик жаштар театрынын артисти;

Азиз Мурадиллаев - Т.Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти;

Айбек Карымов - "Бейне Групп" компаниясынын жетекчиси, ырчы, обончу;

Канатбек Мамырканов - М.Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык драма театрынын артисти;

Тургуналы Нурматов - "Кыргызымдын жигиттери" тобунун көркөм жетекчиси, "Бейне-Өнөр" коомдук-кайрымдуулук фондунун устаты, окутуучу;

Мансур Парпиев - Баткен облусундагы А.Жайнаков атындагы музыкалык драма театрынын режиссёр-коюучусу;

Жылдыз Саитова - Ысык-Көл облусундагы музыкалык драма театрынын актрисасы;

Эльмира Сыдыкбаева - А.Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театрынын артисти;

Төрөбек Абдыманап - Ош облусундагы Р.Абдыкадыров атындагы филармониянын этно-фольклордук тобунун артисти.




"Бопуш" аты менен таанылган актёр Эмгек сиңирген артист наамын алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
Muslim_KGstana.
2018-08-30 14:52:25
Олуптур да дагы деле сыйлыктын баркы кетип
-25
Rasul94
2018-08-30 14:58:22
Бопуш брат давно алса болмок .мейли жашоо аллыда
Сыйлык ээлерине ден соолук.узурлуу эмгек каалайм.
Токтобубу эжекеде барбы бир деме
+14
Samat777
2018-08-30 15:12:09
Бул жолу да Мерген Турган коз жаздымда калып калганбы? Адамдын эмгегин убагында баалаганды уйронолу. Олгондо кошок кошпой.
+11
Bars88
2018-08-30 15:29:49
Samat777,Неге меренге бериш керек.Жалжактаганы учунбу
-13
Samat777
2018-08-30 15:58:15
Bars88,анткени Мерген Турган азыркы кыргыз эстрадасынын
баштагандардын бири. Убагында популярдуу
болгон. Ал ырдап
чыкканда нанды "нана"
деп жургондор наамдарды
алышты.
+13
jigit.paren
2018-08-30 15:28:35
Абдылда Иманкулов качан алат болду экен
+22
talas0707
2018-08-30 15:44:33
Шахрезада деген Ким?
-18
sirgak_92
2018-08-30 16:08:29
talas0707,ал сен ляля кезде звезда болчу
+21
Rasul94
2018-08-30 16:10:47
talas0707,Шахрезада Аскарова деген
сенин дагы менин дагы эжебиз
болот.убагында ,,таазим ,,деген топту
башкарып 90-жылдардан бери талыкпай
иштеп келаткан эже.
+18
jasgul
2018-08-30 21:06:02
talas0707, Шахрезада эжебиз таланттуу ырчы, азыркы чыйылдаган, унун компьютер менен ондогондордун жанында баа жеткис уну бар. Оорукчан баласын багып, коп кыйынчылык тарткан.Татыктуу инсан, сыйлыгыныз кут болсун. Ар санынарда Анжелика менен Самараны атаандаштырып мактанта бербей, тол башылардан да интервью алып турсанар Супер Инфо.
+3
Malik92
2018-08-30 17:11:10
Самаш озунчо кыйын болгондур менден кийин алышты деп.Самашка берип жатышканда менден улуу элге эмгеги синген муундар бар деп баш тартса болмок.Марат акеге ден соолук каалайбыз.Дагы жакшы рольдорду жаратып журо бериниз.
+6
aqua-94mema
2018-08-30 17:24:07
Аябай татыктуу адамдар алыптыр
+6
fanatka19
2018-08-30 17:48:20
Болот экен го мынакей бир да нааразы адам жок, демек эмгектери синген. Куттуктаймын бар болгула.
+3
patiydin
2018-08-30 18:05:14
Айбек дос сыйлыгын КУТ болсун
+1
Rasul94
2018-08-30 18:06:35
Эми Сакишке да бербесенер болбойт. Ал Бопушту тытып салбасын
+6
Snejana
2018-08-30 19:05:37
Шахрезада Аскарова деген ырчы дагы бар экен да. Укпаптырмын. Мурда эле ырдап жургон эже болсо, азыр берип атканы эмнеси. Кеч болсо дагы алыптыр. Министерство онолуп аткан го. Нааразы болгондор жок, демек жылыш бар. Эл тараза, эл сынчы деген ушу да. Негизи ушундайларды элге коюп берсе, добуш берип, бат эле корсотуп коймок. Коррупция дагы болмок эмес.
0
Arzu.kg
2018-08-30 20:06:02
Чыны менен эмгеги сингендер алышыптыр, кут болсун. Шахрезада эжени окуп абдан суйундум, Самарага окшогондор тили чыга электе чыныгы жылдыз эже болучу, фонограммасы жок эле жандуу ырдаган ырчылардан эле
0
Tolkun555
2018-08-30 20:59:26
Азиз Мурадиллаев сыйлыгын куттуу болсун.кыскасы баары сыйлыкка татыктуу.баарынарды куттуктайм
+3
Jyrgal_msk
2018-08-30 21:05:51
Апрель баатырлары уялсанар боло эми.Силер Самарадан да ашып кеттинер го...
-1
altyn2015
2018-08-30 22:48:01
Баарыныздарды сыйлыгынар менен куттуктайм!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан