Улуттук филармониядагы өрт "Камбаркан" ансамблинин классынан чыккан. Ошондон 10-15 мүнөт мурун гана филармониянын кызматкерлери тарап кеткенин ансамблдин дирижёру Рысбек Жумакунов SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, өрт чыккан учурда ал биринчи кабатта жүргөн.
"Бүгүн биз Көчмөндөр оюнуна карата телевидениеге видео жаздырмакпыз. Мындан улам кызматкерлер эрте тарашкан. Өрт чыкты деген учурда мен биринчи кабатта "Акмарал" бий тобунун бийге даярданып жаткандыгы менен алек болуп жүргөм. Аңгыча эле балдар ары-бери чуркап калышты. Ошондон кырсык болгонун билип дароо сыртка чыктык.
Филармониянын ичиндеги каражаттардын көбү - бат күйүп кете турган буюмдар. Андыктан өрт тез жайылат", - деди дирижёр.
Учурда өрттү өчүрүү үчүн 6 бригада иштеп жатат. Өрт өчө элек.