Олимпиада оюндарынын коло медалынын ээси балбан Базар Базаргуруевге "Даңк" медалы ыйгарылды

2008-жылы өткөн Олимпиада оюндарынын коло медалынын ээси Базар Базаргуруевге "Даңк" медалы ыйгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, президенттин жарлыгы менен дене тарбиянын жана спорттун өнүгүшүнө кошкон зор салымы жана жетишкендиктери үчүн Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча Эмгек сиңирген спорт чебери, 2008-жылы Пекинде өткөн XXIX Олимпиада оюндарынын коло медалынын ээси Базар Базаргуруевге "Даңк" медалы ыйгарылган.

Балбан Базар Базаргуруевге Пекинде өткөн Олимпиада оюндарында Кыргыз өлкөсүнүн атынан эркин күрөш боюнча катышып 5-орунду алган. 2017-жылдын апрель айында Бириккен күрөш уюму Пекинде күмүш медалды жеңип алган украиналык спортчу тыюу салынган заттарды колдонгону үчүн медалын алып коюшкан. Мындан улам Кыргыз балбаны 9 жылдан соң 3-орунга жылып Олимпиада оюндарынын коло медалынын жеңүүчүсү аталган. 2018-жылдын март айында балбанга коло медалды расмий түрдө тапшырышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан