Бүгүн, 30-августта Бишкек шаарынын башчысы Азиз Суракматовдун айдоочусу Арслан Кутешов Lexus LX 570 үлгүсүндөгү унаанын каптал жана маңдайкы терезелери караңгылатылганы үчүн айып төлөп, жеринен инспекторлор тонировкасын сыйрыгандыгын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирген. Анда маалымат кызматы айдоочу тонировканы алганын тастыктап, протоколго кол коюп бергенин билдирип, анын сүрөтү социалдык тармакка жарыяланган.
Бирок Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы инспекторлор тарыбынан айдоочуга эскертүү эртең менен келгенин жана айдоочу тонировкаларды өзү сыйрыганын айтты.
"Эртең менен айдоочуга оозеки эскертүү келип түшкөн, ал тонировкасын эскертүү келери менен өзү сыйрыган. Ал эми инспекторлор кийин келип протокол толтуруп айып салышкан. Кесиптештерибизди маалымат таратууда так болууга чакырабыз", - деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы.