31-августтан 6-сентябрга чейинки күндөр аралыгында Кырчын капчыгайында күтүлгөн аба ырайы

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 31-августтан 4-сентябрга чейин III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтө турган Кырчын жайлоосундагы аба ырайынын божомолун билдирди. Билдирүүгө ылайык, кээ бир күндөрү капчыгайда күн күркүрөп, жаан жаайт.

31-августта түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жетиши күтүлөт.

1-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

2-сентябрда кыска мөөнөттөгү жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

3-4-сентябрь күндөрү асманды ала булут каптап турат, жаан-чачын жаайт деген божомол аз. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

5-6-сентябрь күндөрү Кырчын капчыгайында күтүлгөн аба ырайынын жакындатылган болжолдоосу:

5-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт. 6-сентябрда ала булут каптап турат, кыска мөөнөттөгү жаан жаашы мүмкүн. Абанын күндүзгү температурасы бир аз жогорулайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kroxa
2018-08-31 02:39:12
Аба ырайы деле сезип атса керек Кыргызстандагы кырдаалды баягы зле атка минерлер учун уюуштурулган той да,,,чонтогу жука жол киреге деле акча кетпейт мен окшогон Ысык колдуктого,,бирок кедей карызга белчеден баткан Кыргызстанга керек беле?? АБА ЫРАЙЫ ДЕЛЕ ЫЙЛАП ТУРУП БЕРЕТ ГО...
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан