Нарын районунун Эчки-Башы айылында 1960-жылы курулган мектептин ордуна жаңы мектеп салынып, пайдаланууга берилди. Нарын облустук администрациясынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, Жусуп Иманалиев атындагы орто мектептин ачылыш аземине Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, Нарын райондук администрациясынын башчысы-аким Семетей Черикбаев, Кыргыз Эл жазуучу Кеңешбек Жусупов, мектеп жамааты, айыл тургундары, меймандар катышты.
Облус башчы региондорду өнүктүрүү жылынын алкагында аткарылып жаткан иштерге, анын ичинде билим берүү тармагы боюнча маалымат берди. Акыркы жылдардагы аймактын ийгиликтерин атап, алар менен катарлаш келе жаткан айрым көйгөйлөргө токтолду. Ошондой эле айлананын тазалыгын сактоо, жаратылышты коргоону колго алуу менен айылдын өнүгүшүнө салым кошууга жергиликтүү калкты үндөдү.
Облус башчысынын айтымында, учурда аталган аймакта 50гө чукул курулуш иштери жүргүзүлүп жатат. Быйылкы жылы 9 объектини пайдаланууга берүү пландалса, анын 5 объектиси мектеп, 2 мектептин спорт залы.
Эчки-Башы айылынын мектебинин эски имараты 1960-жылдары ашар жолу менен салынган. Имарат кооптуу абалга келгендиктен, республикалык бюджеттин "Капиталдык салымдар" беренеси менен 2016-жылдын март айында жаңы мектептин курулуш иштери башталган. Жалпы сметалык баасы 62 миллион 448 миң сомду түзүп, "Экарас-5" ишканасы курулуш иштерин жүргүзгөн. Жусуп Иманалиев атындагы Эчки-Башы орто мектебинде учурда 362 окуучу билим алып, 38 мугалим эмгектенет.