SUPER TV: Жан дүйнө. "Эл айтса ишенчү эмесмин. Бирок сары гүлдөр бизди ажыраштырды"

Сүйүү, күтүү, табышуу, ажырашуу, кайгы жана бакыт... Так ушул сезимдер, турмуштан алынган жүрөк сырлары SUPER TV'нын "Жан дүйнө" долбоорунда.

– Гүл берчү эмесмин. А сен гүл алган кандай жагымдуу экенин кайталай берчүсүң. Босогодо күз мезгили турган. Экөөбүз көчөдө жетелешип баратсак "жайдын акыркы күнү мага гүл бересиң. Макулбу?!" деп талап койдуң.
Гүл саткан дүкөндөн чакан, баасы арзан гүлдесте алдым. Көчөгө чыгып эле өзүмдү ыңгайсыз сезем. Деле гүл көтөрүп көрбөптүрмүн. Быжыраган майда сары гүлдөр, сары кагазга оролгон, анан чекеси майда тикенектүү жалбырактар менен көрктөлгөн. Аталышын деле билбейм. Акчам ушуга жетти. Студентте кайдагы акча?!
Аз убакыттан кийин сен кел­диң, кызыл көйнөгүң шыңга боюңа сонун жарашып, көркөм элең. А көздөрүңчү... Көздөрүң укмуш болчу. Көпкө чейин капкара каректериңе тигилип тургум келе берчү.
Колумду аркага алып, гүлдесте­ни жашырдым. Каректериң­ди бир суктана карап, маңдайыңдан өөп учурашкан соң гүлдестени сундум.
– Ой, а эмнеге? Майрамбы?
– Жайдын акыркы күнү эмеспи.
– Аа. Мен унутуп да калыптырмын. Эмнеге сары гүлдөр?
– Сары түс жакпайбы?
– Сары гүл ажырашууга алып келет деп коёт го.

"Андайларга ишенбеш керек" деп жетелеп жөнөдүм. "Ооба, бирок ажырашуунун символу болгон гүлдөр" дедиң маанайың суз. "Ой, андай эмес. Мына карасаң, ортодогу сулуу гүл сен. А бул чекесиндеги тикенектүү жалбырак мен. Сени коргоп турам. Башка жигиттерге тийгизбей..."

Менин айткандарым жага түштү окшойт, акырын мага ыктап ийиниме жөлөндүң. "Өх" дедим ичимден. Сенин маанайың суз жүргөнүнө түтпөй кетчүмүн. Бирок ошондон бир жума өтпөй экөөбүз ажырым жолго түштүк.

Окуяны толугу менен көрүү үчүн шилтеме аркылуу SUPER TV бөлүмүнө өтүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aibars
2018-08-31 12:37:44
Баарын байкуш сары гулго шылтап койдунар анан.;)
+4
almanbetperm
2018-08-31 12:46:59
aibars,))))))
0
baisogur
2018-08-31 12:57:19
aibars,))эздинго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан