Бүгүн, 31-августта чет мамлекеттин башчылары президент Сооронбай Жээнбековду жана кыргыз элин өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Алгач Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев куттуктады. "Эгемендүүлүк жылдары Кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөө, элдин жашоосун жакшыртуу, эл аралык аренада өлкөнүн кадыр-баркын жогорулатуу жолунда зор ийгиликтерге жетишти. Бул багытта Кыргыз өлкөсүнүн мындан ары өнүгүшүнө жана сиздин (ред. Сооронбай Жээнбеков) жетекчилигиңиздин алдында жакшы ой-максаттарга жетүүңүздөргө тилектешпиз. Биздин өлкөнүн элдеринин ортосундагы көп кылымдык салттуу достукка жана тыгыз кызматташууга негизделген мамилелер мындан ары да бекемделип, улана берет деп ишенем", - дейт Нурсултан Назарбаев куттуктоо телеграммасында.
Орусиянын президенти Владимир Путин куттуктоосунда достуктун жакшы салттарына негизделген Кыргыз-Орус байланыштардын жогорку деңгээлин канааттануу менен белгиледи. "Биргелешкен аракеттер менен биздин мамлекеттер ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана өнөктөш мамилелерди бекемдөөгө мындан ары дагы умтула беребиз деп ишенем. Бул мамиле Орусия менен кыргыз элинин түпкү кызыкчылыктарына жооп берип, аймактык стабилдүүлүктү жана коопсуздукту камсыздоо багытында бара жатканы шексиз", - деди Путин.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев өткөн жылдардын аралыгында Кыргыз өлкөсү коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык кайра түзүүлөрдү жана реформаларды ишке ашырууда олуттуу ийгиликтерге жетишкенин билдирди. "Эл аралык аренада өлкөнүн кадыр-баркы өстү. Өзбекстан акыркы жылдары Кыргыз-Өзбек мамилелеринде ишенимдин жана өз ара түшүнүшүүнүн жогорку деңгээлине жетишкендигине, эки тарапка тең кызыкчылык туудурган көп пландуу жана өз ара пайдалуу кызматташууну бардык багыттар боюнча ырааттуу кеңейтүүгө зор маани берет", - деп жазылат Мирзийоевдин куттуктоосунда.