30-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Япония өлкөсү менен Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосу аркылуу сатып алынган Ниссан Пикап үлгүсүндөгү 22 унаа жана авариялык-куткаруу жабдуулары берилген. Алардын биринин дөңгөлөктөрүнүн дисктери башка болуп калганын айрым интернет колдонуучулар талкууга алып, "ушуну да болсо жеп калайын деп алмаштыра салышкан го" деген пикирлерин жазышууда.
Жогорудагы жагдай боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова SUPER.KG'ге түшүндүрмө берди. Анын айтымында, ал унаанын жаңы келген унааларга тиешеси жок.
"Дөңгөлөгүнүн дисктери башка болуп турган машина биздин Ош облусунда авариялык-куткарууга пайдаланып жүргөн унаабыз. Ал 2013-жылы алынып келген, анын жаңы унааларга тиешеси жок. Кечээ аны суучулдар кызматына өткөрүп берип, Ош облусуна жаңысын бердик", - деди Шерипова.