Жалал-Абадда туу көтөргөн студент эс-учун жоготуп кулап кала жаздады

Бүгүн, 31-август күнү Жалал-Абад шаарында Эгемендүүлүк майрамында туу көтөрүп турган студент өзүн жаман сезип, кулап кала жаздаган видеосу интернетке тарады.

Видеодо тууну кармап турган баланын кулап кала жаздаганын байкап калгандардын бири жардамга келип, аны ары жакты көздөй алып кеткенин көрүүгө болот.

Өзүнүн аты-жөнүн атоодон баш тарткан күбө SUPER.KG'ге окуянын чоо-жайын айтып берди.

"Бул майрамдык салтанатка студенттер эртең мененки саат 7ден баштап чогулушкан. Бирок майрамдык салтанат саат 09:30да башталган. Андан соң алар тууну бир жарым сааттай кармап турушту. Алардын катарында турган студенттердин бири эс-учун жоготуп, жыгылып кала жаздаганда телеканалдардын биринин оператору барып кармап калып, "Тез жардам" унаасына алып барган. Аны текшерген дарыгерлер студенттин кан басымы көтөрүлүп, бир жагынан ачкалыгы себеп болгонун айтышты. Студент бала дарыгерлер текшергенден кийин үйүнө жеткирилди", - деди күбө.

Ал бүгүнкү майрамдык иш-чарада дагы бир студент өзүн жаман сезип, кулап калганын кошумчалады. Майрамдык салтанатка 500гө жакын мектеп окуучулары жана студенттер тартылган.

Туу көтөргөн бала эсин жоготту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
bond02
2018-08-31 17:25:37
Урматтуу студент эмитен жыгылсан сен сессияда вообще эле турбай каласын го.
-17
basyz-kaman
2018-08-31 18:00:49
Ачка күндүн ысыгында бир аз башы айланган болушу мүмкүн
+11
basyz-kaman
2018-08-31 18:06:16
Тууну колунан түшүрбөптүр азамат!
+19
Lusi
2018-08-31 19:38:59
Иий Байкушум десе ыйлагым келди коруп
+11
aerforce
2018-08-31 20:49:03
Азыраак ичпейт белең )) тамаша азаматсың иним чыныгы патириот экенсиң кулайын десеңда тууну кармап чыдаган ыссыкта ачка тургузуп коцкштуда таң атпай
-5
Chungyz
2018-08-31 22:08:17
Студент балага рахмат жыгылбай кармап турганына
+1
HHFRU
2018-09-01 08:19:25
Ушундай студенттерди, окуучуларды салтанаттарга милдеттендирип катыштыргандар мурунку совет олколорундо жана Тундук Кореяда эле болсо керек. Байкуш балага боорум ачыды. Ден соолук каалайм.
+1
Arlenchik
2018-09-01 12:56:37
Байкуш курсагы ачка болсо, кундун ысыгында канкайтып кечке котортуп койсо чыдабай калдыда, азамат экен, ошондой абалда турсада тууну тушурбой кармап турду.
+1
Nanei
2018-09-01 19:35:38
Данк орденин бергиле эми
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан