Ош мэриясы: "Мэр чатырдын алдында отурганына карата айтылган сындарды туура кабыл алды"

Ош шаарынын борбордук аянтында облус башчысы Узарбек Жылкыбаев менен мэр Таалайбек Сарыбашовдун эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына арналган салтанат учурунда чатыр алдында отурганы тартылган сүрөт социалдык тармактарда сынга кабылды. Мэрдин басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров Сарыбашов айтылган сындарды туура кабыл алганын SUPER.KG'ге айтып берди. Анын айтымында, мэр кандай жерге отура турганы боюнча алдын ала кабары болгон эмес.

"Шаар башчысы өзү ар дайым интернет басылмаларына чыккан маалыматтарды окуп турат. Бүгүн өзүнүн дарегине айтылган сындар боюнча да кабары бар экен. Мени кабыл алып, айтылган сындарды туура кабыл алганын айтты. Ошол эле учурда мэр президент Сооронбай Жээнбековдун үстүндө чатыры жок отурганына салыштырып жаткан сүрөттү көрдү. Чынында, президент үлгү көрсөтүптүр. Мэр деле "үстүмө чатыр коюп, астыма килем салгыла" деп эч кимге тапшырма берген эмес. Иш-чаранын программасы менен гана алек болуп жүрүп, кандай жерге отура турганы боюнча алдын ала кабары болгон эмес. Ошондуктан үстүнө коюлган чатыр жагыныш максатында коюлган эмес, буга чейинки өткөн иш чаралардын баарына коюлуп келген", - деди Абсаттаров.

Оштун көлөкөдө отурган жетекчилери сынга кабылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
bond02
2018-08-31 17:19:31
Устуно уй тиксе эмне эки Таалай болуп кетет беле?! Уругвайдын президентинен улгу алсын эл учун иштейм десе.
+13
kudaiberdieva98
2018-08-31 17:52:46
не болуптур эми Ошто кун ыссык
-1
Ali-han
2018-08-31 18:14:07
Ошто кошоматчылык аябай күчтүү! Оштун мэри өзүн ыңгайсыз сезип жатса керек президентти көрүп алып...
+20
Jaziko80
2018-09-01 08:25:11
Ali-han, ооба туура айтасын.. ошондо деле эки жагын карап,аксакалдарды сыйлап койсо болмок.
+9
CEO1
2018-09-01 15:20:50
Ошто кун ысык болсо аксакалдарды колокого откоруп, анан орун калса озу отпойбу?!!

Дээринде болсо болобу озу, билбей калган имиш. Жомок!!!
+2
Pamirlan
2018-08-31 19:22:22
Таалайбек Сарыбабашович биз сизге ишенебиз, жакшы иштеп берет деп.
-23
GULZAT.83
2018-08-31 20:03:17
Ошто чынында кошоматчылык кучтуурок озбектешип кеткенбиз десек чычалайбыз Оштуктар... сизин бизин алин келин дешип
+15
Ali-han
2018-09-01 02:05:39
GULZAT.83,эң туура тууганым
+10
Djumahmatov
2018-08-31 23:10:52
Бул мэр болумуш жаанда жан сакчысына кол чатыр карматып койуп отурганы менен элге белгилууго лично мага жанылык эмес себеби кандай адам экенин билем
+13
PROS
2018-09-01 07:58:19
Djumahmatov, ал мурдакы мэр болсо керек эле?
-8
lenin1870
2018-09-01 07:40:04
Ошто туугандардан уйронгон окшойт да пахтаны кандай коюшту туугандар пахтаны калын койушат
+5
meni_kut
2018-09-01 08:35:35
Отургучтардан да чон айырма бар экен
+5
adilbars
2018-09-01 10:06:58
Бишкек Оштон уйронсун да, ПРЕЗИДЕНТТИ, сыйлай албаса анда. Мэрде эч кандай куноо жок, иштегени жакшы эле.
-9
tular
2018-09-01 15:12:54
adilbars,Президент менен Мэрлер эл окулдору, алар мынчалык даражалары которулгудой эмнени кыйратышты?! Булар биздин тологон салыктын эсебинде айлык маяна алышат. Ошондуктан сыз жерге отурушсада жарашат Бул жеп жутарлар.
Андан коро биздин спортчуларга ушундай мамиле жазаш керек, Кыргыз Республиканын атагын алыска чыгарган
+5
mikoo
2018-09-01 10:34:28
Супер инфо силер да аябай майда экенсинер да .Мэр эми чатыр да отуруп койсо эмне? Эми Жээнбеков го чатыр коюлбай калса ушул мэр куноолуу болгонсуп!
-8
Erik2018
2018-09-01 10:37:53
Бул нерсе биринчи жолу болгонсуп катуу табаладыңарго. Атамбаев учурунда деле бул нерсе болуп келген.Сын тагуунун негизи болот да.
-6
tnz
2018-09-01 11:03:05
Бул илгеритен бери эле коюулуп келет бул сынга кабыла турган деле эмес го.
-6
Miralbek
2018-09-01 17:18:19
нарагында болбогондон кийин кереги деле жокта
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан