"Күзүндө Алмазбек Атамбаевдин 6 жылдык өлкөнү башкаруудагы отчётун сурайбыз". Мындай сөздү бүгүн, 31-августта SUPER.KG порталына коомдук ишмер Сагынбек Абдрахманов айтты.
Кечээ, 30-августта Токмок шаарында "КСДП Атамбаевсиз" деген ураандын астында жыйын болуп өткөн.
"Токмок шаарында КСДПнын ардагерлер мүчөлөрүнүн жыйналышы болду. Бул чогулуш ар бир аймакта өткөрүлүп жаткан жыйындардын уландысы. Токмок шаарындагы жыйында "КСДП Атамбаевсиз" деген демилге колдоо тапты.
Ар бир аймакта өткөрүлүп жаткан жыйындардын максаты - ар бир райондон күзүндө өтүүчү партиянын республикалык курултайына делегаттарды дайындоо. Курултайды күз айларында өткөрүү пландалууда. Ал жерде Алмазбек Атамбаевдин 6 жыл өлкөнү башкаруудагы отчётун угуп, ага баа берилет. Ошондой эле партиянын жаңы төрагасы жана саясий кеңештин мүчөлөрү тандалат", - деди Абдрахманов.
Буга чейин Абдрахманов "КСДП Атамбаевсиз" деген ураандын алдында КСДПнын лидерлигинде отурууга экс-президент Алмазбек Атамбаевдин моралдык укугу жок экенин айтып, Москва, Панфилов, Сокулук жана Токтогул районунда жыйындарды өткөргөн.