Сары кыздын тою. Өрүкзарлуу Баткенден фоторепортаж

Аптаптуу жай бүтүп дыйкандар, багбандар жыл бою жумшаган эмгегинин үзүрүн көрө башташты. Өрүкзарлуу Баткен облусунда жергиликтүүлөр түшүмдөрүн жыйнап, аны кургатып өлкө ичине жана жакынкы чет өлкөлөргө экспорттоп жаткан учуру.

Адисттердин айтымында, Баткен облусунун жашоочулары 7,5 миң гектар аянтка өрүктүн 36га жакын түрүн өстүрүшөт. Өрүк бат бузулчу жемиштердин катарына киргендиктен аны кургатып сатуу көп чыгымды талап кылбайт жана ыңгайлуу.

Сиздер менен сүрөтчү Влад Ушаковдун өрүктүн мекени болгон Баткен облусунан тартып алынган сүрөттөрү менен бөлүшөбүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Supsuluu
2018-08-31 21:26:28
Сары кыздын тойу)))
+6
Jasa
2018-08-31 21:29:06
Шилекейди чуурутат го тим эле,100гр 60тан алып берип атам балдарга кымбатыраак саткыла чет олкого)))
+10
Pandora
2018-08-31 22:14:12
Гырмага береке....Ылайым эле кылган мээнетиниздердин узурун корунуздор.
+5
raykray
2018-08-31 22:49:11
Берекелуу Баткеним
+2
Firdaus-Muslim
2018-08-31 23:04:59
Аа, бу! Кырман толсун.
Ээ, рахмат! Жолуң болсун.
Өрүктүн мекени Баткен.
0
Nuryk00
2018-08-31 23:16:24
Менин айылымго
0
Byrmachach
2018-08-31 23:17:31
Кырманга береке болсун. Көздү сүйүнтүп, шилекей агызган сүрөттөр экен. Ушул өрүктөр,чет мамлекетке сатууга чыкканда да "БАТКЕНдин өрүгү" деп сатылса өтө жакшы болмок. Туугандар өзүнүкү кылып алса, зээниң кейийт...
-1
Firuz
2018-08-31 23:39:10
Темасы эле укмуш го
0
aida007
2018-08-31 23:41:07
Аллахга шугур уйдо 5-6 кап орук турат чекеден жеп компот кылып деген дей граммдап сатып алмай жок
0
Aigerim.95
2018-09-01 02:29:58
Кырманга береке берсин. Кылган эмгектин узурун корунуздор.
+1
Asyl.jazi
2018-09-01 10:13:45
Кандай сары кыз экен депмин)))
0
Alixan-Nookat.2015
2018-09-01 20:41:22
Баткендин өрүктөрү сонун бирок тилекке каршы коңшу Тажикстан сатып алып чет өлкөгө өздөрүнүн атынан сатып чоң пайда көрүп жатат. Ким билет жооп берип койгулачы мүмкүн болсо өрүктүн көбү Баткендеги алтын күкүрт менен ышталат зыяны жокпу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан