Бүгүн, 31-августта Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата кечки концерт башталды. Учурда аянтка шаар тургундары, коноктор келип майрамдык маанайда концерттик иш-чарага күбө болушууда.
Концерттик программага маданият өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө. Мындан тышкары майрамдык салтанатка башка өлкөлөрдүн ырчылары да куттуктоо үчүн келишкен. Концерттин башталышында кыргыз элин Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктап Япониядан келген ырчы мырза ыр белек сунду. Ал кыргыз тилинде ырдады. Салтанаттын алып баруучулары - Нурел Султанов, Айдай Кадырова, Нияз Байзаков жана Назира Кадыева.
Ырчылардан Омар, Арсен, Ильяз Абдыразаков, Саламат Садыкова, Кубаныч Сатаев, Алина Жетигенова, Ишен Назаров кечеге келген тургундарды куттуктап, ыр белегин сунушту. Алар дуэт аткарышты.
Аянттагы майрамдык салтанаттын башталганына 20 мүнөт боло электе эки бала ата-энесинен адашып, алып баруучулар балдардын ата-энесин издеп сахнага көтөрүп чыгышты. Тартип сакчылары ата-энелерди балдарды кароодо кылдат болууга чакырууда.
Саат 19:00дө башталган майрамдык концерт саат 22:41де фейерверк атуу менен жыйынтыкталды.