Казакстанда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Казакстанда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Казак басылмалары жазып чыгышты.

Казак басылмаларынын жазган маалыматына таянсак, жер титирөөнүн борбору Казакстандын Алматы шаарынан 53 чакырым алыстыкта байкалган. Силкинүүнүн күчү 4,7 баллга жеткен. Жер титирөө саат 18:21де катталган.

Ушул эле маалда Кыргыз өлкөсүнүн тургундары да жер титирөөнү сезишкенин социалдык тармактарга жазып чыгышты. Бул тууралуу Сейсмология институту расмий маалымат тарата элек.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Fortuna1987
2018-08-31 23:50:58
Ооба, Алматыда болду. Тогузунчу этаждан уройун учат экен. Бир топ убакытка чейин титиреп турду. кудайым колдосун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан