"Ала-Тоо" аянтында майрамдык салтанат өтүп жатат. Тартипти 2 миң милиция кызматкери көзөмөлгө алат

Бүгүн, 31-август - Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 27 жылдыгына карата "Ала-Тоо" аянтында майрамдык кечки концерт өтүп жатат. Аянтка шаар тургундары, коноктор келип, салтанатка күбө болушууда.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат катчысы Адыл Оморов: "Борбордук аянттагы майрамдык иш-чара учурунда 2 миңге жакын милиция кызматкери коопсуздук үчүн кызмат кылат. Ата-энесинен адашкан жаш балдар үчүн атайын кызматкерлер дайындалган", - деди ал.

Бул арада концерттин алып баруучулары сахнага адашып калган баланы алып чыгып, ата-энесин табууга аракет көрүштү. Мындан улам тартип сакчылары тургундарды балдарды алып жүрүүдө кылдат болууга чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан